Жол эрежесин бузуп, айыпты төлөй албай жүргөндөгө жеңилдик берилет.
Тагыраагы, 2019-жылдын 4-мартынан бери айрым бузуулар боюнча ушуга
чейин айыпты төлөй албай жүргөн айдоочулар ар бирине 300 сомдон берсе болот.
Мындай акция 31-декабрга чейин созулат, — деп билдирди Жол кыймылы коопсуздугун
камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев.
Эске салсак, биринчи категорияда каралган айып 70 пайызга азайды. Айып кагаз
келгенден тартып 30 күндүн ичинде төлөсө 1 миң сомдун ордоуна 300 сом алынат.