ЖОЖдорго кабыл алуу онлайн жүргүзүлөт

ЖОЖдорго кабыл алуу онлайн жүргүзүлөт.

Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин адиси Айнура Асан кызы билдирди.

Ал мындай тажрыйба акыркы эки жылдан бери колдонулуп келе жатканын эске салды.

Арыз берүүчү 2020.edu.gov.kg порталында катталып, жалпы республикалык тестирлөө сертификатынын номерин жана паспортун киргизиши керек.

Андан кийин телефон номерге жеке аккаунтка кирүү үчүн логин жана сыр сөз менен билдирүү жөнөтүлөт.

Жеке кабинетке кирүү мүмкүнчүлүгү 5-июндан кийин ачылат.