Тарых музейинин айланасындагы тосмо адамдардын коопсуздугу үчүн коюлду

Тарых музейинин айланасындагы тосмо адамдардын коопсуздугу үчүн коюлду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, тосмо музейдин маңдайында 2018-жылдын август айында эле пайда болгон.

 

Эске салсак, социалдык тармактын колдонуучулары музейдин тосулушун катуу сынга алышууда. Айрымдары конструкциянын жалпы көрүнүшүнө арызданса, айрымдары аны орнотуу максатын түшүнбөй жатат.