Өлкөдө жакынкы арада туристтик сезондун планы даяр болот

Өлкөдө жакынкы арада туристтик сезондун планы даяр болот.

Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу Tazabek басылмасына билдиргендей,

басым ички туристтерге жасалат. Эгерде чек аралар ачылып калса Ысык-Көлгө эс алуучуларды

тартуу боюнча Казакстан, Өзбекстандагы өнөктөштөр менен кызматташуу жүргүзүлөт.

Жетекчи белгилегендей, былтыр туристтик кызматтардан 613 миллион доллар түшкөн.

Быйылкы киреше аталган сумманын 25 пайызы болушу ыктымал.

Учурда пандемиянын туризм тармагына тийгизген зыяны эсептелип жатат.