1 миң кыргызстандык чет мамлекетке чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажарытылды

1 миң кыргызстандык чет мамлекетке чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажарытылды. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, мындай чара салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызы бар жарандарга карата көрүлдү.

 

Карыздын жалпы суммасы 7,5 миллиард сомдон ашты. Ведомстводон белгилешкендей, бересеси барларга карата башка чара дагы көрүлөт, алсак, унаа же турак-жайды каттоо, банк операциялары, аты-жөнүн алмаштыруу жана башка процедулардан баш тартуу каралат.

 

Андыктан, салыкчыларга төлөмдөрүн өз учурунда жабуу сунушталат.