Башкы прокурор Курманкул Зулушев кайрадан ишине киришти

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз милдетин аткарууга киришти. Бул тууралуу тескемеге мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгону тууралуу маалымат президенттин сайтында бүгүн 16-июнда жарыяланды.

 

Зулушев жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматынан президенттин тескемеси менен 4-июнда убактылуу четтетилишкен жана буга экөөнүн ортосунда түзүлгөн жеке мамиле да себеп экени айтылган.

 

Мамлекет башчынын маалымат кызматы мындай чечим “Бейшеналиевге карата кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу максатында, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде аныкталган “Ар ким анын күнөөлүүлүгү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоо өкүмү менен белгиленмейинче, кылмыш жасоого күнөөсүз деп эсептелет” деген күнөөсүздүк презумциясынын конституциялык принцибин, ошондой эле иштин жагдайларын изилдөөнүн ар тараптуулук, толуктук жана объективдүүлүк принцибин көңүлгө алып” кабыл алынганын билдирген.

Башкы прокурордун милдетин убактылуу аткаруу анын биринчи орун басары Абай Молдокматовго жүктөлгөн.

Бейшеналиев 2-июнда кармалып, 4-июнда Октябрь райондук сотунун чечими менен бир айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Ал үй камагына чыкканын «Азаттыкка» 16-июнда адвокаты Кайсын Абакиров билдирди.

 

Башкы прокуратура Бейшеналиевге жемкорлукка байланыштуу жалпысынан жети иш козголгонун билдирген.

3-июнда президент Жапаров министрдин кармалганы тууралуу “Азаттыкка” комментарий берип, комисcия түзүлгөнүн айткан жана «Мен калыс болушум керек. Анткени коомчулукта башкы прокурор менен министр экөө бири-бирине өчөшүп калган деген пикирлерди айтып жатышпайбы» деген.

16-майда «Азаттыкка» курган маегинде Бейшеналиев «Алты ай мурун бир генерал мага “сени мен отургузам” деп балдарын жөнөткөн болчу» деп айтып берген.