11-январдан тартып Ош шаарындагы мамлекеттик бала бакчаларда балдарды кабыл алууга уруксаат берилди

11-январдан тартып Ош шаарындагы мамлекеттик бала бакчаларда балдарды кабыл алууга уруксаат берилди.

Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, кеп, мектепке даярдоочу жана чоң тайпалар тууралуу болуп жатат.

Ал эми калган тайпаларды кабыл алуу этабы менен ишке ашат. Тиешелүү чечим жарандык коргонуу штабында кабыл алынды.

Талапка ылайык, мектепке чейинки даярдоо мекемелеринде санитардык талаптар толук сакталышы зарыл.