Ордо калаада бала бакчалар абал турукташмайынча ачылбайт.
“Азаттыкка” мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, карантинге байланыштуу
муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин токтотуу чечими
6-июлда кабыл алынган. Буга шаардагы айрым бакчалардын кызматкерлери коронавирус
жуктуруп ооруганы себеп болгон. Белгилеп кетсек, ордо калаада 87 муниципалдык
13 мекеме алдындагы жана 218 жеке менчик бала бакча бар.