Президенттик шайлоодо утуп чыккан талапкер БШК шайлоо жыйынтыгын расмий жарыялагандан кийин бир айдан соң кызматка кирише алат

Президенттик шайлоодо утуп чыккан талапкер БШК шайлоо жыйынтыгын расмий жарыялагандан кийин

бир айдан соң кызматка кирише алат. Бул тууралуу Боршайком төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, расмий жыйынтык добуштар кол менен саналып, бардык арыздар жана маселелер

сотто каралып бүткөндөн кийин, чыгарылат. Ошол эле учурда бул жолку президенттик шайлоо кезексиз

өткөнүнө байланыштуу добуштарды эсептөөнүн мөөнөтү да кыскарат. Белгилеп кетсек, баштапкы

жыйынтык боюнча шайлоодо добуштардын 79,16 пайызын Садыр Жапаров алып, алдыга чыкты.

Өлкө башчылыкка 17 талапкер ат салышты.