Китепканачылар жана маданият кызматкерлери жеке бала бакча төлөмүнө 50 пайыз жеңилдик алат

Китепканачылар жана маданият кызматкерлери жеке бала бакча төлөмүнө 50 пайыз жеңилдик алат.

Билим берүү министрлиги мектепке чейинки билим берүү боюнча Мамлекеттик

социалдык буйрутма жөнүндөгү жобого өзгөртүү киргизди. Ага ылайык, жалпы билим берүү

уюмдарында эмгектенген китепканачылар жана маданият кызматкерлери жеңилдик ала алышат.

Алар буга чейин тандалган Бишкектеги тогуз бакчага балдарын берсе, министрлик ай сайын

төлөмдүн тең жарымын өз мойнуна алат. Белгилеп кетсек, буга чейин бул тизмеде көп балалуу,

аз камсыз, аялы же күйөөсүнөн ажыраган мамлекеттик муниципалдык кызматта иштеген үй-бүлөлөр жайгашып келген.