Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча ачуу боюнча долбоор иштелип чыкты

Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча ачуу боюнча долбоор иштелип чыкты.

Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын жетекчиси

Нурзида Касымова билдирди. Анын айтымында, учурда маалыматтык кампания жүргүзүлүп жатат.

Аймактарга каттар жөнөтүлгөн. Эгер жергиликтүү бийлик органдары имарат тапса,

ведомство аларды окуу куралдары, эмерек жана оюн аянтчалары менен камсыздайт, — деди Касымова.

Эске салсак, буга чейин министр Каныбек Исаков Кыргызстанда

бала бакчалар сентябрдан тартып иштеп баштарын жарыялаган.