Догдуркүл Кендирбаева Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды

Догдуркүл Кендирбаева Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун анын басма сөз кызматы кабарлады.

 

Эске салсак, Догдуркүл Кендирбаеваны кызматка дайындоого Жогорку Кеңеш кечээ макулдук берген. Анын талапкерлигин каттоодон өткөн 75 депутаттын баары бир добуштан колдогон.