Таласта токойдон чыккан өрт бүгүн түнү өчүрүлдү

Талас облусунун Манас районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагында токойдон өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Тилсиз жоону өчүрүүгө Талас облустук башкармалыгынын ыкчам тобу, жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган.

 

Өрт кечээ саат 23:43тө чектөөгө алынып, бүгүн 00:40та толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жана жаракат алгандар жок.

 

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 25-30 гектарды түзөт.