Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы Түркиянын командасын 5:3 эсебинде утту

Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы Түркиянын командасын 5:3 эсебинде утту. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти. Беттештин жүрүшүндө Мирлан Жолдубаев, Дильшат Кадыров, Максат Алимов Юлдашбаев жана Салимбаев гол киргизишти. Оюн Азия-2020 оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында өткөрүлдү.

Ордо калаада болуп өткөн шамал абаны тазалады

Ордо калаада болуп өткөн шамал абаны тазалады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 3чү жана 4-декабрда  Бишкекте ар кандай бийиктикте шамал болду. Анын ылдамдыгы секундасына 15 метрге чейин жетти. Мындай аба-ырайы абадагы зыяндуу заттардын айдалуусуна шарт түздү. Акыркы 3 күндө абанын булганышы 1 кубометрге  440 микрограммды түзүп… Кененирээк…

Баткен шаарында таза суу долбоору 60 пайыз ишке ашты

Баткен шаарында таза суу долбоору 60 пайыз ишке ашты. Бул тууралуу “Таза суу” ишканасынын директору Соорбек Шайдуллаев “Акипресске” билдирди. Анын айтымында, шаарды таза суу менен толук камсыз кылууга 29 миллион евро бөлүнгөн. Кийинки жылдын май айына чейин бетон кудуктар курулуп, 2 миң үйгө суу киргизилет.… Кененирээк…

Кийинки жылы пенсиянын жалпы чыгымдары 52 миллиард сомду түзөт

Кийинки жылы пенсиянын жалпы чыгымдары 52 миллиард сомду түзөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди. Бул сумма ушул жылга салыштырмалуу 3 миллиард сомго көп. Өлкөдө эң жогорку пенсиянын суммасы 104 миң сом, ал эми 2 миңге жакын персоналдык алуучулардын бир айдагы пенсиясы 15… Кененирээк…

Ички иштер министрлиги тутумунда 6 өз алдынча кызмат түзүлдү

Ички иштер министрлиги тутумунда 6 өз алдынча кызмат түзүлдү. Бул тууралуу министрдин орун басары Памирбек Асанов билдирди. Анын айтымында, Тергөө кызматы, жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалык, сотко чейинки өндүрүш боюнча Ички иштер органдары башчыларынын 67 орун басар кызматтары киргизилди. Алар республиканын тергөө, жоруктар боюнча сотко… Кененирээк…