Бүгүн Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Түркиялыктар менен экинчи жолдоштук беттешин өткөрөт

Бүгүн Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы

Түркиялыктар менен экинчи жолдоштук беттешин өткөрөт.

Бул тууралуу Футзал ассоциациясынан билдиришти.

Жолугушуу Бишкектеги дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде кечки саат 8де башталат.

Эске салсак, кечээ Кыргызстандын курамасы Түркиянын командасын 5:3 эсебинде уткан.

Оюн Азия-2020 оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында өткөрүлүп жатат.