Бүгүн мигранттар күнүнө карата Ошто ири жарманке уюштулурат

Бүгүн мигранттар күнүнө карата Ошто ири жарманке уюштулурат. Мамлекеттик миграция комитетинин маалыматына ылайык, Ош МУнун имаратында дүйнөнүн 15 мамлекетинин фирмаларынын өкүлдөрү бош орундардын тизмесин жарыялап, баштапкы кабыл алуу иштери жүргүзүлөт.   Анда 3 миңден ашык вакансия сунушталат. Белгилеп кетсек, чет мамлекеттерде эмгектенип жүргөн кыргызстандыктардын саны… Кененирээк…

Балыкчы-Жел-Арык поезд каттамы убактылуу токтотулду

Балыкчы-Жел-Арык поезд каттамы убактылуу токтотулду. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, аталган тилкеде 8 жүк ташуучу вагон рельстен чыгып кетти.   Жабыркагандар жок. Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат. Жерине Унаа жана жолдор министри Жанат Бейшенов жөнөп кетти. Поезд каттамын жандандыруу аракети көрүлүүдө.

Улуу Британияда жубайлар баш кошкон күнү эле ажырашуу чечимин кабыл алышты

Улуу Британияда жубайлар баш кошкон күнү эле ажырашуу чечимин кабыл алышты. Той жакшы эле өтүп, коноктордун бардыгы ырдап-бийлеп жаткан учурда күйөө балаанын агасы келинге жана анын эжелерине, апасына кол салды.   Күйөө балаа колуктусуна болушкандын ордуна, бир тууган агасынын тарабына өткөн. Буга ызаланган айым дароо… Кененирээк…

Ордо калаада көчөлөрдү ондоо жазында башталат

Ордо калаада көчөлөрдү ондоо жазында башталат. “Бишкектин жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында 60 көчө кайра калыбына келтирилет. Алардын көбү кеңейтилип же толугу менен жаңыдан курулуп чыгат, бардыгында тротуарлар жана ирригациялык тармак салынат.   Андан тышкары, мэрия дарыя жана каналдарга көпүрө салуу ниетинде. Экинчи… Кененирээк…

Кыргызстанда 80 миң адам расмий түрдө жумушсуз деп катталган

Кыргызстанда 80 миң адам расмий түрдө жумушсуз деп катталган. Бул жылга карата маалыматты Каржы министрлиги берүүдө. 2018-жылга салыштырмалуу, бул көрсөткүч 16 пайызга көп. Анын ортосунда, өлкөдө орточо айлык 4,2 пайызга көбөйгөнү катталат.   Бүгүнкү күндө республика аймагындагы орточо маяна 16 миң 563 сомду түзөт.

Бишкек жана Нарында көп кабаттуу эки турак-жай колдонууга даяр

Бишкек жана Нарында көп кабаттуу эки турак-жай колдонууга даяр. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элмира Абжапарованын айтымында, батирлер “Кийинки сатып алуусу менен ижара” механизми менен берилет.   Программанын артыкчылыгы – алгачкы төлөмдүн кереги жок жана  15 жылга 6 пайыз чен менен жеңилдетилген шарттары. Аны алган адам… Кененирээк…

Кайгуул  милиция ордо калаанын Ленин жана Октябрь райондорунда январдан тарта иштеп баштайт

Кайгуул  милиция ордо калаанын Ленин жана Октябрь райондорунда январдан тарта иштеп баштайт. Бишкектин ички иштер башкармалыгынын начальниги Канат Жумагазиев билдиргендей, учурда кайра түзүлгөн кызмат Биринчи май жана Свердлов райондорунда иштеп жатат.   Кайгуул милиция толугу менен ишке кирген соң, Бишкектин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы… Кененирээк…

Бүгүн Бишкектин “Ынтымак” эс алуу багындагы балатынын оту жанат

Бүгүн Бишкектин “Ынтымак” эс алуу багындагы балатынын оту жанат. Мэриянын маалыматына ылайык, майрамдык салтанат кечки саат 7де өтөт. Иш-чарада жаңы жылдык жарманке жана концерт уюштурулат. Жаңы “Ынтымак” багынын ортосунда орун алган балатынын бийиктиги 12 метрди тузөт.   Эске салсак, Ала-Тоо аянтындагы башкы балатынын оту 13-декабрда… Кененирээк…