Балыкчы-Жел-Арык поезд каттамы убактылуу токтотулду

Балыкчы-Жел-Арык поезд каттамы убактылуу токтотулду. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, аталган тилкеде 8 жүк ташуучу вагон рельстен чыгып кетти.

 

Жабыркагандар жок. Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат. Жерине Унаа жана жолдор министри Жанат Бейшенов жөнөп кетти. Поезд каттамын жандандыруу аракети көрүлүүдө.