Бүгүн мигранттар күнүнө карата Ошто ири жарманке уюштулурат

Бүгүн мигранттар күнүнө карата Ошто ири жарманке уюштулурат. Мамлекеттик миграция комитетинин маалыматына ылайык, Ош МУнун имаратында дүйнөнүн 15 мамлекетинин фирмаларынын өкүлдөрү бош орундардын тизмесин жарыялап, баштапкы кабыл алуу иштери жүргүзүлөт.

 

Анда 3 миңден ашык вакансия сунушталат. Белгилеп кетсек, чет мамлекеттерде эмгектенип жүргөн кыргызстандыктардын саны 1 миллиондон ашат. Алардын басымдуу бөлүгү Россияда.