Бүгүн Бишкектин “Ынтымак” эс алуу багындагы балатынын оту жанат

Бүгүн Бишкектин “Ынтымак” эс алуу багындагы балатынын оту жанат. Мэриянын маалыматына ылайык, майрамдык салтанат кечки саат 7де өтөт. Иш-чарада жаңы жылдык жарманке жана концерт уюштурулат. Жаңы “Ынтымак” багынын ортосунда орун алган балатынын бийиктиги 12 метрди тузөт.

 

Эске салсак, Ала-Тоо аянтындагы башкы балатынын оту 13-декабрда жанды.