Кайгуул  милиция ордо калаанын Ленин жана Октябрь райондорунда январдан тарта иштеп баштайт

Кайгуул  милиция ордо калаанын Ленин жана Октябрь райондорунда январдан тарта иштеп баштайт. Бишкектин ички иштер башкармалыгынын начальниги Канат Жумагазиев билдиргендей, учурда кайра түзүлгөн кызмат Биринчи май жана Свердлов райондорунда иштеп жатат.

 

Кайгуул милиция толугу менен ишке кирген соң, Бишкектин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жоюлат. Бүгүнкү күндө жаңы түзүмдө 260 кызматкер иштеп жатса, дагы 235 адам атайын окутуудан өтүп жатат.