Президент Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарына жөнөп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарына жөнөп кетти. Өлкө башчы Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин кезектеги жыйынына катышат.  Анда чакан жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдөн тышкары КМШ мамлекет башчыларынын расмий эмес жолугушуусу өтөт.   Кыргызстандан барган делегациянын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн… Кененирээк…

Биометрикалык чет элдик паспорттор 2021-жылы берилип баштайт

Биометрикалык чет элдик паспорттор 2021-жылы берилип баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик мамлекеттик кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов билдирди. Анын айтымында, документтерди берүү мөөнөтү тендер маселеси боюнча сот отурумдарынын айынан жылып жатат.   Бул суроо декабрдын аягына чейин чечилет деп пландалууда. Мамбетов белгилегендей, 2021-жылы Кыргызстанга жаңы биометрикалык паспорттор… Кененирээк…

Синоптиктерден шашылыш билдирүү

Синоптиктерден шашылыш билдирүү. 21-23-декабрда өлкоөө туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Басымдуу аймактарда кар жаайт. Жолдордо кар күрткүлөр пайда болуп, муз тоңот.   Шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетип, катуу суук болот.

Жаңы жылдан тартып электрондук тамекилерге салык салына баштайт

Жаңы жылдан тартып электрондук тамекилерге салык салына баштайт.   Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, 1-январдан өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар 1 килограмм ысытылган тамекиси бар буюмдарга – 610 сом, электрондук чылымды  пайдалануу үчүн 1 миллилитр никотин камтыган суюктуктарга – 1 сом төлөшөт.

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Эки өлкөнүн тийиштүү өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Учурга карата кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкесине эки өлкөнүн тургундары мыйзамсыз орнотуп алган дарбаза, тосмолор алынды.   Эске салсак, 18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында чек арада чыккан… Кененирээк…

Жаш блогерлер жылына миллиондогон кирешеге ээ болот

Жаш блогерлер жылына миллиондогон кирешеге ээ болот. “Форбс” басылмасы дүйнө боюнча эң көп киреше тапкан YouTube-блогерлердин тизмесин жарыялады. Биринчи орунду 8 жаштагы Райан Каджи ээледи, ал бир жылда  26 миллион доллар киреше тапты.   Экинчиде 20 миллион тапкан 5 спортчу достор турат. Үчилтикти ДЦП диагнозу менен… Кененирээк…

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жумушчуларына батирлер тапшырылды

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жумушчуларына батирлер тапшырылды. Жалал-Абад шаарында орун алган турак-жайдын ачкычтарын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ыйгарды.   Бир жана эки бөлмөлүү 70 батирлүү турак жайдын курулушуна мамлекеттик бюджеттен 96 миллион  сом бөлүнгөн.

Унааларды бажылык тариздөө түн жарымга чейин жүргүзүлөт

Унааларды бажылык тариздөө түн жарымга чейин жүргүзүлөт. Мамлекеттик бажы кызматы жеңилдетилген бажы алымдарынын мөөнөтү 31-декабрда аяктап жатканына байланыштуу унааларды жол-жоболоштурууну 20-декабрдан тарта дем алышсыз жана түнкү 12ге чейин жүргүзөт.   Ведомствонун басма-сөз кызматынан билдиришкендей,  Евразия экономикалык биримдигинен сырткаркы мамлекеттерден транспорт алып келген жеке тараптар машинелерин… Кененирээк…

Кыргызстанда 62 мамлекеттик орган “Түндүк” системасына кошулду

Кыргызстанда 62 мамлекеттик орган “Түндүк” системасына кошулду. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Дастан Догоев билдирди. Тутумда 389 сервис бар, 2018-19-жылдары 17,4 миллион транзакциялар жасалды.   Маалымкаттын 12 түрү автоматташтырылып, бир жылдын ичинде 1,5 миллиондон ашык жаран кезекте туруу жана ашыкча кагаз бюрократиясынан… Кененирээк…