Кыргызстанда 62 мамлекеттик орган “Түндүк” системасына кошулду

Кыргызстанда 62 мамлекеттик орган “Түндүк” системасына кошулду. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Дастан Догоев билдирди. Тутумда 389 сервис бар, 2018-19-жылдары 17,4 миллион транзакциялар жасалды.

 

Маалымкаттын 12 түрү автоматташтырылып, бир жылдын ичинде 1,5 миллиондон ашык жаран кезекте туруу жана ашыкча кагаз бюрократиясынан кутулганы кабарланат.

 

«Түндүк» системасы министрликтерди, мекемелерди жана жеке компанияларды бириктирип, маалымат алмашуунун жол-жобосун жеңилдетүүгө багытталган.