Барселона» клубунун жетекчилиги Лионель Мессинин келишимин узартууга сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Учурдагы аргентиналык оюнчунун келишими 2021-жылдын жайына чейин түзүлгөн. “Барселона» Мессинин келишимин 2023-жылга чейин узартууну каалап жатат. Кошумчаласак, быйылкы сезондо Месси «Барселонанын» катарында 17 оюн өткөрүп, 14 гол киргизди.

Бишкекте 31-декабрда коомдук унаалар түнгө чейин каттайт

Бишкекте 31-декабрда коомдук унаалар түнгө чейин каттайт. Бул тууралуу шаардык транспорт башкармалыгынан novosti.kg ге билдиришти. Маалыматка караганда, жыл сайын 31-декабрдан 1-январга караган түнгө уюштурулуп келген коомдук транспорттор быйыл да ишке тартылат. Адаттагыдай жүргүнчүлөр Ала-Тоо аянтынан жаңы жылды тозуу концерттик программасынан кийин бардык каттамдар боюнча жете… Кененирээк…

Токмоктун маданият үйү 10 миллион сомго капиталдык оңдоодон өтөт

Токмоктун маданият үйү 10 миллион сомго капиталдык оңдоодон өтөт. Бул тууралуу Чүй облустук өнүктүрүү фондунан билдиришти. Маалыматка караганда, жалпы сумманын 4 жарым миллион сому мэриянын бюджетинен бөлүнөт. Калган 5 жарым миллион сому Чүй облустук өнүктүрүү фондунан берилди, дешти уюмдан.

Бишкекте 375 балага эсептелген мектептерде 2 миңден ашык бала билим алат

Бишкекте 375 балага эсептелген мектептерде 2 миңден ашык бала билим алат. Бул тууралуу Турак-жай курулуш департаментинин Чүй облусу боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти. Алардын бири Орок айыл аймагындагы мектепте балдар 4 нөөмөттө окуп жатат, андай көрүнүш көпчүлүк мектепте бар. Учурда ички миграцияга байланыштуу Бишкекте жана… Кененирээк…

Окумуштуулар Антарктидада иштегенге макул боло турган кара жумушчу издеп жатат

Окумуштуулар Антарктидада иштегенге макул боло турган кара жумушчу издеп жатат. Бир жылдык айлыгы 126 миң долларды түзөт. 2020-21-жылдары кызмат кыла турчу адамды Антарктидадагы австралиялык ишкана издөөдө.   Окумуштуулар кызматчы эмне жумуштарды аткарып берерин тактаган эмес. Жаңы кызматкерге жылына 126 миң доллар төлөнүп, тамак-аш, жатаканасы бекер… Кененирээк…

Кыргызстанда Бирдиктүү депозиттик эсептен 15 мектеп курууга 799 миллион  сом бөлүндү

Кыргызстанда Бирдиктүү депозиттик эсептен 15 мектеп курууга 799 миллион  сом бөлүндү. Бул тууралуу Облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Эркин Абдыразаков билдирди.   Анын айтымында, каражатка Бишкекте 7, Чүйдө 7, Ош облусунда бир мектеп курулат. Депозиттик эсеп 2018-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен ачылган. Башкы прокуратурага,… Кененирээк…

Бишкектин көчөлөрүнө жана тротуарларына 83 тонна техникалык туз себилди

Бишкектин көчөлөрүнө жана тротуарларына 83 тонна техникалык туз себилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Иштер түндө жүрүп, 11 атайын техника жана 10 кар тазалоочу унаа тартылды.   Учурда Бишкекте жолдорго туз себүү жана көчөлөрдү карлардан тазалоо үчүн 700 жумушчу штаттык режимде иштеп жатат.

Ошто капиталдык оңдоодон кийин Шакиров көчөсү кыймылга ачылды

Ошто капиталдык оңдоодон кийин Шакиров көчөсү кыймылга ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, кайра калыбына келтирилген көчөнүн жалпы узундугу дээрлик 2,5 чакырымды түзөт.   Долбоорго ылайык, көчө 20 метрге чейин кеңейтилип, жалпысынан коомдук транспорт үчүн 11 аялдама орнотулду. Бул максатта 69 миллион сом багытталды.

Жал кичи районунда жакынкы арада жаңы спорт аянтчасы пайда болот

Жал кичи районунда жакынкы арада жаңы спорт аянтчасы пайда болот. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, куруучулар футбол талаасын ирээтке келтирип,   19 машыгуу шаймандарын орнотушту.   Тосмолорду тургузуп, жарык берүү системасын орнотуп, таман таштарды төшөө иштери жүргүзүлүп жатат. Спорт аянтында ошондой эле, отургучтар менен эс алуу аймагы… Кененирээк…

Окуучулардын кышкы каникулдары 12 күнгө созулат

Окуучулардын кышкы каникулдары 12 күнгө созулат.   Билим берүү министрлигинин айтымында, балдардын эс алуусу 30-декабрда башталып, 10-январга чейин уланат. 11-12-январь ишемби жана жекшембиге туура келгендиктен, мектептерде үчүнчү чейрек 13-январда старт алат.