Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Эки өлкөнүн тийиштүү өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Учурга карата кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкесине эки өлкөнүн тургундары мыйзамсыз орнотуп алган дарбаза, тосмолор алынды.

 

Эске салсак, 18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында чек арада чыккан жаңжал чыгып, кыргыз тараптан 6 адам жабыркады.