Жаш блогерлер жылына миллиондогон кирешеге ээ болот. “Форбс” басылмасы дүйнө боюнча эң көп киреше тапкан YouTube-блогерлердин тизмесин жарыялады. Биринчи орунду 8 жаштагы Райан Каджи ээледи, ал бир жылда 26 миллион доллар киреше тапты.
Экинчиде 20 миллион тапкан 5 спортчу достор турат. Үчилтикти ДЦП диагнозу менен 5 жаштагы Анастасия Радзинская 18 миллион менен жабат.