Ошто Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин агенттигинин башчысын атып кетишти

Ош шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» агенттигинин кызматкери Сапар Бакыевди атып кетишти. Аны ким өлтүргөнү азырынча белгисиз.   Шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдиргендей, сөөгүн 25-декабрда кечинде өзү жашаган Озгур конушунан «Тез жардам» менен алып келишкен. Маркумду башка атышкан.… Кененирээк…

Дүйнө киножылдыздарынын эң чоң гонорар алганы белгилүү болду

Дүйнө киножылдыздарынын эң чоң гонорар алганы белгилүү болду. Тизменин сап башында Киану Ривз турат. Ал “Матрица” трилогиясына тартылганы үчүн 250 миллион доллар алган.   Экинчи орунда 120 миллион доллар киреше тапкан Брюс Уиллис 2-орунда турат. “Кара кийинген адамдар” тасмасы үчүн Уилл Смитт 100 миллион доллар… Кененирээк…

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укутуу элчиси болуп дайындалды

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укутуу элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Дагы бир жарлыкка ылайык, Абдилатиф Жумабаев  кыргызстандыктардын укуктарын Бириккен Араб Эмираттарында коргойт.   Бекназаров буга чейин генералдык  прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты, Убактылуу Өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган. Жумабаев мурда… Кененирээк…

Бишкектиктер жаңы жылга карата жакындарына белек берүүгө орточо эсеп менен 5 миң сом жумшоого даяр

Бишкектиктер жаңы жылга карата жакындарына белек берүүгө орточо эсеп менен 5 миң сом жумшоого даяр. Биздин кабарчылардын сурамжылоосуна ылайык, көбүнчө жаштар ата-энелерине, бир туугандарына, сүйгөн адамдарына белек тартуулашат.   Айрымдары акчалай берүүнү туура көрсө, калгандары пайдалуу белектерге ыкташат. Балдарына болсо басымдуу учурларда ата-энелер оюнчуктарды, кийим-кечек… Кененирээк…

Адистер салют, петардаларды колдонуу эрежелерин сактоого чакырат

Адистер салют, петардаларды колдонуу эрежелерин сактоого чакырат. Өрт коопсуздугу башкармалыгынан билдиришкендей, пиротехникалык заттарды сатып алууда сапаттуулук сертификатын текшерүү зарыл.   Коопсуздук максатында, салют, фейерверктерди үй, бак-дарактар жана электр өткөрүү зымдарынан алысыраак жардыруу керек. Эн башкысы, аларды балдарга берүүгө болбойт. Петардалардан жарааттар болгондо тез арада дарыгерге… Кененирээк…

Айдоочу күбөлүктөрдү жарандар эс алуу күндөрү дагы ала алышат

Айдоочу күбөлүктөрдү жарандар эс алуу күндөрү дагы ала алышат. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, Ауэзов 1/5 дарегиндеги калкты тейлөөчү борбор ушул эс алуу күндөрү – 28-29-декабрда дагы иштейт.   Убактылуу айдоочу күбөлүктөрдү алмаштырууга арыздар “Унаа” мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрүндө кабыл алынат, — дешти ведомстводон. Белгилеп кетсек, убактылуу… Кененирээк…

Кыргызстанда гидроэнергетика тармагында иштер кызуу жүрүүдө

Кыргызстанда гидроэнергетика тармагында иштер кызуу жүрүүдө. Алар кандай жаатта экенин президент Сооронбай Жээнбеков айтып берет.   «Гидроэнергетика багытын алсак, Токтогул ГЭСин реконструкциялоо аяктап калды, мен өзүм барып, аны менен таанышып келдим. Бул иштер толугу менен бүткөндө, ГЭСтин кубаттуулугу 240 мегаваттка көбөйөт. 240 мегаватт деген бул,… Кененирээк…

Көчөлөрдө тоңгон муз жүздөгөн бишкектиктерди ооруканага жеткирди

Көчөлөрдө тоңгон муз жүздөгөн бишектиктерди ооруканага жеткирди. Алгачкы жабыркагандар өткөн ишембиде каттала баштады. Бул күнү дарыгерлерге тайгаланып жыгылып, жараат алган 58 адам кайрылды.   Ал эми жалпысынан,   27-ноябрдан тарта муздан 267 адам жабыркады. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, алардын жарааттары окшош, көбүнүн колу буту… Кененирээк…

“Инфоком” мамлекеттик ишканасы 3 жыл ичинде 3 миллиондон ашык паспорт чыгарды

“Инфоком” мамлекеттик ишканасы 3 жыл ичинде 3 миллиондон ашык паспорт чыгарды. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, бул статистикага жалпы жарандык, дипломатиялык, кызматтык жана   2004-2017-жылдардагы ID-карталар кирет.   Анын ортосунда, Мамлекеттик каттоо кызматынан белгилешкендей, документтерди жоготуу учурлары дагы көбөйүүдө. Алсак, 3 жылда 160 миңден ашык… Кененирээк…

Евробирикме Кыргызстанга билим берүү тармагын колдоо үчүн 8 миллион евро бөлүп берди

Евробирикме Кыргызстанга билим берүү тармагын колдоо үчүн 8 миллион евро бөлүп берди. Каражат өкмөттүн казналык эсебине түштү. Акча мектептерге Интернет өткөрүүгө жана китептерди сатып алууга багытталат.   Кошумчалап кетсек, Кыргызстанга бюджеттик колдоо Евробирикменин 2014-20-жылдарын камтыган көп жылдык программасынын алкагында жасалууда.