Баткен жана Талас облустарынын 146 миң жашоочусу таза суу менен камсыздалат

Баткен жана Талас облустарынын 146 миң жашоочусу таза суу менен камсыздалат. Бул максатта “Айыл жергесинде санитарияны жана суу камсыздоо системасын өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруу пландалууда.

 

Жогорку Кеңештин расмий сайтында жазылгандай, Сауд фонду менен макулдашуунун алкагында  30 миллион долларлык насыя берилет. Мыйзам долбоор үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.