2020-жылдан тартып Австрияга виза Бишкектен бериле баштайт

2020-жылдан тартып Австрияга виза Бишкектен бериле баштайт. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 5-январдан тарта Австриянын Казакстандагы элчилиги Нур-Султан шаарында документтерди кабыл алуучу VFC борбору ачылат.

 

Бишкекте да анын бөлүмү иштейт. Ал Ибраимов көчөсү,  103 дарегиндеги бизнес борбордо жайгашкан. Виза алуу үчүн алдын ала интернет аркылуу арыз берүү керек.