Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтүүдө

Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтүүдө. Браконьерчиликти, айлана-чөйрөгө зыян алып келүү  жана бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу учурларын алдын-алуу максатында Кыргызстандын бардык аймактарында рейддер жүрүп жатат.

 

Ведомство эскертет: мыйзамсыз аңчылык жана балык улоонун эрежелерин бузуу үчүн 1 миллион сомго чейин айып салынып, 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Күчөтүлгөн тартип 8-январга чейин созулат.