31-декабрда Бишкектин борбордук бөлүгү кыймылга жабылат

31-декабрда Бишкектин борбордук бөлүгү кыймылга жабылат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Нур Сатыбалдиевдин айтымында, Чүй проспектинин Эркиндик гүлбагынан Панфилов көчөсүнө чейинки тилкеси жабык болот.

 

Чектөөлөр кечки саат 6да киргизилет. Милиция айдоочуларга каттамдарын эртелеп пландаштырып алууну сунуштайт. Эске салсак, 31-декабрда Ала-Тоо аянтында майрамдык концерт өтөт.