Унааларды каттоо түйүндөрүнүн иш убактысы узартылды

Унааларды каттоо түйүндөрүнүн иш убактысы узартылды. Мамлекеттик бажы кызматынан эскертишкендей, 31-декабрга чейин машинелерди жеңилдетилген ставкалар менен өлкөгө киргизүү мөөнөтү аяктайт.

 

Андыктан, “Северная” жана “Северо-Восточная” бажы түйүндөрү 20-31-декабрь аралыгында түнкү 12ге чейин жана дем алышсыз иштейт. Бул унааларды үчүнчү өлкөлөрдөн жеке колдонуу үчүн киргизип жаткан тараптардын ыңгайлыгы үчүн жасалууда.