Кыргыз-тажик чек арасында 18-декабрда болгон жаңжалга байланыштуу кылмыш иши козголду

Кыргыз-тажик чек арасында 18-декабрда болгон жаңжалга байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 24 агенттигине вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

 

Анын айтымында, аскер кызматкерлеринин жана жай тургундардын ок жарааттарын алганы кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине бир нече берене боюнча катталды. Тергөөнү ведомство аралык топ жүргүзүүдө. Ага Улуттук коопсуздук комитетинин, Ички иштер министрлигинин жана прокуратуранын кызматкерлери кирди.