Бишкектин борборунда жаңы жылдык жарманке ачылды

Бишкектин борборунда жаңы жылдык жарманке ачылды. Бул жерде каалоочулар жакындарына каалаган белектерин таба алат, алсак – кооз бумдар, таттуулар, кол менен жасалган идиштер, сувенирлер жана экологиялык табигый азыктар бар.

 

Ошондой эле, бул жерде автобус, троллейбустарда жүрүү үчүн карталарды акысыз алса болот. Бүгүнтөн тарта “Тулпар” карталары коомдук транспортто накталайсыз төлөм жүргүзүү үчүн колдонулуп жатат.