Базар-Коргон районунун борбордук аянтына балаты орнотулду

Базар-Коргон районунун борбордук аянтына балаты орнотулду.

Бирок жергиликтүү жашоочулар ага нааразы.

Жаңы жылдык жасалгалоого аталган райондун акими Айбек Бегимкулов

быйыл 88 жарым миң сом бөлүнгөнүн билдирет.

Бирок балатынын көркү сарпталган суммага дал келбейт.

Бул тууралуу тургундар социалдык тармактарга видео бөлүшүшкөн.

Ал эми Жаңы жылдык балатынын каркасы темирден, бутактары арчаныкы.

Кошумчаласак, аталган райондун акими балаты учурда толук жасалып бүтө электигин белгиледи.