Кыргызстанда автоматташтырылган «электрондук нотариат» долбоору тесттик режимде ишке кирди

Кыргызстанда автоматташтырылган «электрондук нотариат» долбоору тесттик режимде ишке кирди.

Аталган жаңычылдык өлкө боюнча мамлекеттик жана менчик нотариалдык мекемелерде ишке ашууда.

Юстиция министрлигинен билдиришкендей, эгер аталган долбоорду ишке ашырып жатканда к

андайдыр бир кемчиликтер байкалса, иштеп чыккандар аны кайрадан карап,

туура эмес жерлерин оңдошот. Ошондой эле мамлекеттик нотариалдык мекемелер жабдуулар менен камсыздалган.