Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн жана эртең кар массасы Бишкек-Ош, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ала-Бука-Каныш-Кыя жана Красная Горка – Ак-Таш трассаларында түшүшү мүмкүн.   Аталган багыттарда сапарга чыккан айдоочулар этият болуп, унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоосу кажет.

Өкмөт Самат Курманкуловдун дарылануусуна 3,5 миллион сом бөлөт

Өкмөт Самат Курманкуловдун дарылануусуна 3,5 миллион сом бөлөт. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  кол койду. Каражат Саламаттыкты сактоо министрлигинин ушул жылдагы бюджетинен каралган.   Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги Самат Курманкулов Кой-Ташта 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда башына таш тийип, оор… Кененирээк…

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 530 миллион долларга жетти

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 530 миллион долларга жетти. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, анын 3 миллиард 793 миллиону тышкы, 737 миллион доллары ички бересе.   Карыздын басымдуу бөлүгү Кытайдын Эксимбанкы алдында. Ушул жылдын октябрында мамлекеттин тышкы жана ички карызын төлөөгө республикалык бюджеттен 34 миллион доллар… Кененирээк…

Эң кымбат инстаграм-блогерлер аныкталды

Эң кымбат инстаграм-блогерлер аныкталды. Биринчи орунда Криштиану Роналду турат. Ал инстаграм баракчасында бир пост жарыялоо үчүн 1 миллион доллар алат. Экинчи орунда турган Лионель Месси бир постту 678 миң долларга жүктөйт.   Америкалык супермодель Кендалл Женнер 640 миң долларлык посту менен үчүнчү сапта.

Калкты каттоодо алгачкы ирет мигранттар тууралуу маалымат чогултулат

Калкты каттоодо алгачкы ирет мигранттар тууралуу маалымат чогултулат. Улуттук статистика комитети мындай жол менен мигранттардын реалдуу санын, алар кайсы өлкөдө, эмне иштер менен алек болорун билгиси келет.   Андан тышкары, эл каттоо учурунда майып адамдар тууралуу маалымат топтолот. Эске салсак, 2020-жылдын 27-мартынан тарта Кыргызстанда калкты… Кененирээк…

Ошто милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө

Ошто милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.   Маалыматка ылайык,  Жаңы жыл майрамында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы, ИИМдин “Шумкар” атайын отрядынын, ички коопсуздук аскер кызматынын аскерлери коомдук коопсуздукту сактоо үчүн кызматка тартылат.   Шаар бир нече… Кененирээк…

Жыл башынан бери 150 миңден ашуун балага сүйүнчү пул берилди

Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып айтты. Өткөн жылы сүйүнчү акча 117 миң балага берилген. Анын сөзүнө караганда, мурда сүйүнчү пулду алыш үчүн 3-4 маалым кат талап кылынчу. Акчаны алыш үчүн документ чогултуу баш-аягы 9 күндөн 2-3… Кененирээк…