Гүлжигит Алыкулов Белоруссиянын «Неман» клубунун «Мыкты футболчусу» деп табылды

Гүлжигит Алыкулов Белоруссиянын «Неман» футбол клубунун мыкты оюнчусу деп табылды.

Ал Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жарым коргоочусу.

Белорусияда 2019-жылдын мыкты оюнчусун аныктоодо оюнчулардын упайы саналып,

ошондой эле гезит жана сайттардагы рейтинги каралды. Белгилеп кетсек,

Алыкулов Кыргызстандын Мьянма жана Монголия менен болгон беттештеринде бирден гол киргизген.

Ал эми ушул жылдагы Кыргызстан футбол федерациясынын тандоосунда ал «Мыкты футболчу» наамына ээ болду.