Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу дале сакталууда

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу дале сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкек – Ош, Ала-Бука – Каныш-Кыя жана Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу трассаларында кар массалары түшүшү мүмкүн.   Андыктан, айдоочулар этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоосу кажет.

Мамдума өкмөт башчылыкка Мишустиндин талапкерлигин жактырды

Россияда Мамлекеттик Дума президент Владимир Путин премьер-министрлик кызматка сунуштаган Михаил Мишустиндин талапкерлигин колдоду. Анда Коммунисттер партиясынын фракциясы гана добуш берүүдөн карманды, калгандарынын баары макул болду. Михаил Мишустин депутаттардын алдында сүйлөп жатып, улуттук долбоорлорду ишке ашырууга, Путиндин май айындагы буйруктарын ишке ашырууга убада берди. Ал жаңы… Кененирээк…

Ырчылар Аваз Акимов жана Айдана Дека ата-эне макамына ээ болушту

Ырчылар Аваз Акимов жана Айдана Дека ата-эне макамына ээ болушту. Алардын тун кызы төрөтканалардын биринде жарык дүйнөгө кечээ түндө келди. Учурда эне-баланын абалы жакшы.   Novosti.kg жалпы жамааты Аваз Акимовду жана Айдана Деканы бул чоң жакшылы менен куттуктайт.

Бишкек көчөлөрүн калыбына келтирүүнүн экинчи фазасы 2 жылга созулат

Бишкек көчөлөрүн калыбына келтирүүнүн экинчи фазасы 2 жылга созулат. Кытайлык гранттын эсебинен аткарыла турган иштер жазда башталат. Бул тууралуу Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти. Ведомстводон эске салышкандай, жалпысынан 60 көчө кайра калыбына келтирилет.   Алардын көбү кеңейтилет, же жаңыдан салынат, бардыгында тротуарлар курулуп, ирригациялык тармак жаңыртылат.

Балдар жөнүндө кодексте “эмгек мигранттардын балдары” түшүнүгү пайда болушу мүмкүн

Балдар жөнүндө кодексте “эмгек мигранттардын балдары” түшүнүгү пайда болушу мүмкүн. Мындай сунушту Жогорку Кеңеш депуттар киргизди. Эл өкүлдөрүнүн пикиринде, ата-энелери акча табуу үчүн чет мамлекетке кеткен балдардын маалымат базасын түзүү керек.   Бул алардын жашоо шартына көз салууга мүмкүнчүлүк берет. Белгилеп кетсек, акыркы жылдары ата-энеси… Кененирээк…

Рамзан Кадыров ыйгарым укуктарын өкмөт башчысына өткөрүп берди

Чеченстан Республикасынын президенти Рамзан Кадыровбашчылык милдетин убактылуу аткара албайт. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда. Анда Кадыров ден соолугуна байланыштуу дарылануу курсунан өтүп жаткандыктан, ыйгарым укуктарын өкмөт башчысыМуслим Хучиевге өткөрүп бергени айтылган. «Тиешелүү буйрукка Рамзан Кадыров 13-январда кол койгон. Чеченстан президенти дарылануу курсу аяктагандан кийин кайрадан… Кененирээк…

Балдарды тарбиялоого эң эле ыңгайлуу мамлекеттер аталды

Балдарды тарбиялоого эң эле ыңгайлуу мамлекеттер аталды. Рейтингинди түзүүдө  гендердик теңдик, адамдын укугу, айлана-чөйрөнүн корголушу эске алынды. Баланы өстүрүүгө, эне болууга ыңгайлуу өлкөлөрдүн сап башында Дания турат.   Андан кийин Швеция жана Норвегия орун алды. Ондукка Канада, Нидерланды, Финляндия, Швейцария, Жаңы Зеландия, Австралия жана Австрия… Кененирээк…

Бир жума ичиндеги экинчи алтын

Бир жума ичиндеги экинчи алтын. Айсулуу Тыныбекова Италиядагы турнирдин жеңүүчүсү болду. Римде өтүп жаткан мелдештерде Тыныбекова    62 килограмм салмак категориясында чыгып, финалга чейин ийгиликтүү жетти.   Чечүүчү бөлүктө ал россиялык Любовь Овчарованы багындырды. Бул Айсулуу Тыныбекованын экинчи жеңиши. 5 күн мурда ал Түркияда өткөн… Кененирээк…

Бишкек жана Ошто мамлекеттик кризис борборлору ачылат

Бишкек жана Ошто мамлекеттик кризис борборлору ачылат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди. Анын айтымында, алар жакынкы арада иштерин баштайт. Ал эми калган шаарларда жана  айыл өкмөттөрдө үй-бүлөлөрдө зордук-зомбулукту алдын-алуу боюнча комитеттер түзүлөт.   Чиновник белгилегендей, өлкөдө аялдарды, балдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча иштер активдүү… Кененирээк…

Дары-дармектердин рецепти эми электрондук түрдө гана жазылат

Дары-дармектердин рецепти эми электрондук түрдө гана жазылат. Жаңычылдык Ош облусунун үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда 15-январдан тарта иштеп баштады. Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунан билдиришкендей, кагазга рецепт жазып берүү жокко чыгарылды.   Эми дарыканаларда препараттарды электрондук кагаз менен гана сатышат. Аны алыш үчүн бейтаптын ID-картасы болушу керек. Кандайдыр… Кененирээк…