Рамзан Кадыров ыйгарым укуктарын өкмөт башчысына өткөрүп берди

Чеченстан Республикасынын президенти Рамзан Кадыровбашчылык милдетин убактылуу аткара албайт. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Анда Кадыров ден соолугуна байланыштуу дарылануу курсунан өтүп жаткандыктан, ыйгарым укуктарын өкмөт башчысыМуслим Хучиевге өткөрүп бергени айтылган.

«Тиешелүү буйрукка Рамзан Кадыров 13-январда кол койгон. Чеченстан президенти дарылануу курсу аяктагандан кийин кайрадан өз милдеттерине киришет. Бул убактылуу гана кабыл алынган чечим», — деп айтылат маалыматта.

 

Мындан бир жыл мурун дагы Кадыров пландык диагностикадан өтүп жатканда, бийликти убактылуу Муслим Хучиевге өткөрүп бергени маалым.

Буга чейин Орусиянын өкмөтү отставкага кетип жатканын өкмөт башчы Дмитрий Медведевпрезиденттин Федералдык жыйынында билдирген. Мындан кийин Орусиянын президентиВладимир Путин өкмөт башчылыкка Михаил Мишустиндин талапкерлигин сунуштаган.