Түркмөнстандын мектептеринде уюлдук телефон колдонууга тыюу салынды

Түркмөнстандын мектептеринде уюлдук телефон колдонууга тыюу салынды. Бул чектөө окуучулар менен катар мугалимдерге дагы тиешелүү. Аталган өлкөдөгү шаардык жана райондук орто мектептерде ата-энелер чогулушу болуп, балдар сабакка телефон алып келбеши эскертилүүдө. Анда класс жетекчи айрым окуучулар мугалимдер менен балдардын ортосундагы пикир келишпестиктерди видеого тартып, интернетке… Кененирээк…

Дмитрий Медведев Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болду

Мурдагы өкмөт башчы Дмитрий Медведев Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болду. Тиешелүү жарлыкка Россиянын президенти Владимир Путин кол койду. Эске салсак, 15-январда Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев отставкага кеткен. Бул кадамын ал өлкө башчынын демилгеси менен Конституцияга киргизилип жаткан өзгөрүүлөргө байланыштуу экендигин түшүндүргөн. Ал эми… Кененирээк…

Тематикалык теле сериалдарды тартууга 30 миллион сом бөлүндү

Тематикалык теле сериалдарды тартууга 30 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирет. Анын айтымында, кино сериалдар үчүн мыкты сценарийлерди тандоо боюнча сынак ушул айдын аягына чейин жарыяланат. Маалыматка караганда, сценарийде идеология болушу зарыл. Тасмадагы эң башкы үч тема адам, үй-бүлө жана мекен болуш керек.… Кененирээк…

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча айдоочуларга салынган айыптын 54 пайызы төлөндү

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча айдоочуларга салынган айыптын 54 пайызы төлөндү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов билдирди. Анын айтымында, айдоочулар ар кандай себептер менен чыгарылган токтомдорго макул болбогон учурлар бар. Анын ичинен 102 айдоочу комиссиянын чечимине макул болбой, сотко берди.… Кененирээк…

Казакстандагы жол кырсыкта Кыргызстандын төрт жараны каза болду

Казакстандагы жол кырсыкта Кыргызстандын төрт жараны каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, кечээ, Актөбе облусунун «Самара – Шымкент» трассасында унаа жол кырсыгына кабылды. Анда бара жаткан 4 кыргыз жараны каза тапты. Ошондой эле дагы 1 адам жабыркап, ал Ыргыз районунун бейтапканасына… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, 24-январдан 30-январга чейин “Торугарт” жана “Иркештам” өткөрүү түйүндөрү иштебейт.   Бул Кытайда улуттук жаз майрамын белгилөөгө байланыштуу. Жарандарды, унааларды жана жүктөрдү өткөрүү  31-январда жанданат.

Сүт жаштыкты сактоого жардам берет

Сүт жаштыкты сактоого жардам берет. АКШнын окумуштуулары 6 миң адамга изилдөө жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында майлуулугу аз сүт ичкендер өз курагына караганда жашыраак көрүнгөн.   Ошондой эле атайын аппарат менен текшергенде мындай адамдар организминин биологиялык курагы календарлык курагына караганда төрт жылга жаш экени белгилүү болгон. Андыктан, адистер… Кененирээк…

Бишкек жана Чүй облусунда жол инспекторлору планшеттин жардамы менен унаанын чоо-жайын биле алат

Бишкек жана Чүй облусунда жол инспекторлору планшеттин жардамы менен унаанын чоо-жайын биле алат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, планшеттеги база аркылуу унаа уурдалганы, номурлар жасалма экени, айдоочу айыптарды төлөбөй жүргөнү тууралуу маалыматты ошол жерден билсе болот.   Жабдуулар ошондой эле, аймактагы бардык стационардык постторго… Кененирээк…

Өтүп кеткен жылы өлкөдө 244 объектти куруу жана оңдоо каржыланды

Өтүп кеткен жылы өлкөдө 244 объектти куруу жана оңдоо каржыланды. Каржы министрлигинен билдиришкендей, бул максатта мамлекеттик бюджеттен 409,5 миллион сом бөлүнгөн. Эң эле көп долбоор Жалал-Абад облусунда ишке ашты, андан кийин Чүй облусу турса, Ысык-Көл үчүнчүдө.   Гранттардын эсебинен  79 мектеп, 47 инженердик объект жана… Кененирээк…

Хельсинки-Вантаа аэропортунда иттер үчүн даараткана ачылды

Хельсинки-Вантаа аэропортунда иттер үчүн даараткана ачылды. Алар көк шибер сыяктуу жасалган. Дааратканаларда иттерге деп ылайыкталган атайын жуунучу жай дагы каралды.   Аны таза кармоо үчүн жана жагымсыз жыт аба майданга тарабасын деп жыйнап-тазалоонун өзгөчө графиги түзүлгөн.