Бишкек көчөлөрүн калыбына келтирүүнүн экинчи фазасы 2 жылга созулат

Бишкек көчөлөрүн калыбына келтирүүнүн экинчи фазасы 2 жылга созулат. Кытайлык гранттын эсебинен аткарыла турган иштер жазда башталат. Бул тууралуу Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти. Ведомстводон эске салышкандай, жалпысынан 60 көчө кайра калыбына келтирилет.

 

Алардын көбү кеңейтилет, же жаңыдан салынат, бардыгында тротуарлар курулуп, ирригациялык тармак жаңыртылат.