Бир жума ичиндеги экинчи алтын

Бир жума ичиндеги экинчи алтын. Айсулуу Тыныбекова Италиядагы турнирдин жеңүүчүсү болду. Римде өтүп жаткан мелдештерде Тыныбекова    62 килограмм салмак категориясында чыгып, финалга чейин ийгиликтүү жетти.

 

Чечүүчү бөлүктө ал россиялык Любовь Овчарованы багындырды. Бул Айсулуу Тыныбекованын экинчи жеңиши. 5 күн мурда ал Түркияда өткөн турнирден дагы алтын медаль тагынган.