Дары-дармектердин рецепти эми электрондук түрдө гана жазылат

Дары-дармектердин рецепти эми электрондук түрдө гана жазылат. Жаңычылдык Ош облусунун үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда 15-январдан тарта иштеп баштады. Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунан билдиришкендей, кагазга рецепт жазып берүү жокко чыгарылды.

 

Эми дарыканаларда препараттарды электрондук кагаз менен гана сатышат. Аны алыш үчүн бейтаптын ID-картасы болушу керек. Кандайдыр бир көйгөйлөр жаралса, 113 кыска номуруна чалса болот, — дешти фонддон.