Кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу Тажикстандын алты жаранына Кыргызстандын аймагында издөө жарыяланды

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу Тажикстандын алты жаранына Кыргызстандын аймагында издөө жарыяланды. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

 

Анын айтымында, алар чек арадагы чыр-чатактарга катышып, кыргызстандыктардын мүлкүнө зыян келтирген. Эске салсак, 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, кыргыз тарапка ок атылган. Окуянын чоо-жайы такталууда.