Кыргызстандын алдыңкы спортчуларына өтүп кеткен жылы стипендия катары 36 миллион сомдон ашык берилди

Кыргызстандын алдыңкы спортчуларына өтүп кеткен жылы стипендия катары 36 миллион сомдон ашык берилди. Орточо эсеп менен ай сайын акчаны 123 атлет алып жатты.

 

Каражаттын басымдуу бөлүгү олимпиадалык, паралимпиадалык жана сурдолимпиадалык спорттун түрлөрүнө берилди. Белгилеп кетсек,  75 миң сомго барабар 1-категориядагы стипендияны Денис Петрашов, Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азизбеков, Юлия Андреева жана Дарья Маслова алышат.