Баткен шаарынын борбордук базарында жол боюнда соода кылууга толугу менен тыюу салынат

Баткен шаарынын борбордук базарында жол боюнда соода кылууга

толугу менен тыюу салынат. Шаардык мэриянын юристи Батырбек Кожомбердиевдин

айтымында, буга чейин алар бир нече ирет базардын ичине көчүрүлгөн.

Ишемби базар күнү болгондуктан сырттан соода кылууга уруксаат берилген.

Мындан улам сатуучулар башка күндөрү да кайра эле көчөдө соода кылуусун улантышты.

Ал эми бул жолу муниципалитет ишкерлер менен алдын ала келишим түздү.

Эми мындан ары калаа бийлиги жол боюндагы баш аламандыкты

күч түзүмдөрү менен биргеликте көзөмөлгө алат.