Кытайдын Гонконг шаарында коронавируска каршы вакцина иштелип чыкты.
Бул тууралуу South China Morning Post гезити жазып чыкты. Иштелип чыккан
дары жаныбарларда сыноо үчүн узак убакыт керектелет, — дешти Кытайлык дарыгерлер.
Ал эми АКШнын Johnson&Johnson компаниясынын кызматкери жаңы вакцина жакынкы айларда
чыгып калат деп билдиришти. Акыркы маалыматтар боюнча коронавирустун
айынан 132 адам каза болуп, 6 миң адам жуктуруп алды.