Кристиан Эриксен  «Интер» футбол клубуна өттү

«Тоттенхэм» футбол клубунун жарым коргоочусу Кристиан Эриксен 

«Интер» клубуна өттү. 27 жаштагы даниялык футболчу «Интер» клубу менен

4 жылдык келишимге кол койду жана трансфердик баасы 20 миллион еврону түздү.

Жаңы клубта футболчу жылына 10 миллион евро табат. Бул көрсөткүчү менен

ал Италия чемпиондугунда эң көп маяна алган экинчи футболчу болот.

Биринчи орунда «Ювентус» клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду турат.