Ош шаарында жол кырсыктарын алдын алуу максатында айдоочуларга карата рейд жүрүүдө

Ош шаарында жол кырсыктарын алдын алуу максатында айдоочуларга

карата рейд жүрүүдө. Бул тууралуу аталган шаардык ички иштер

башкармалыгынан билдиришти. Пландуу иштер 27-январдан тартып башталды.

Натыйжада, 155 айдоочуга протокол толтурулуп, айып салынды.

Алардын ичинде айдоочулук күбөлүк, унаанын техникалык паспорту жана

мамлекеттик номурлары жок мыйзам бузуулары бар. Андан тышкары мас абалда

унаа башкаруу фактылары да катталып жатат. Учурда рейд уланууда, — дешти башкармалыктан.