Кыргызстандын 54 айдоочусу Ирандын аймагында

Кыргызстандын 54 айдоочусу Ирандын аймагында. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди. Анын айтымында, алар Азербайжан менен Түркмөнстан коронавирустун айынан чек араларын жаап салгандыктан, Ирандан чыга албай калышты.

 

Учурда ведомство жарандарды мекенине кайтаруунун ар кандай жолдорун карап жатат. Социалдык тармактарда тараган видеодо айдоочулар күйүүчү майы жана акчасы жок калганын айтышууда.